super.kg logo

Жалгыз жашаган пенсионердин окуясын баяндаган "Акыркы көч" тасмасы эл аралык фестивалда байгеге татыды

 


Кыргыз режиссёрлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Акыркы көч” тасмасы Малайзияда өткөн эл аралык фестивалда байгеге ээ болду. Бул тууралуу режиссёр Дастан Жапар уулу билдирди.

Белгилүү болгондой, Куала-Лумпур эл аралык фестивалында (KlIFFS) "Акыркы көч" тасмасы калыстардын атайын байгесине татыды. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу иш-чара онлайн форматта өттү.

Куала-Лумпур эл аралык фестивалы - бул Малайзиядагы жана дүйнө жүзүндөгү жаш кинорежиссёрлор үчүн тасмалар аркылуу коммуникация аянтчасын камсыз кылууну көздөйт жана жаштар менен кесипкөй режиссёрлордун ортосундагы достук мамилелерди өркүндөтөт. Фестиваль жаңы кинорежиссёрлорду табууга жана тасмалар аркылуу маданий алакаларды кеңейтүүгө арналган.

"Акыркы көч" тасмасы жалгыз жашаган пенсионер жазуучунун окуясын баяндайт. Башкы каарман күндөрдүн биринде досу катуу ооруп жатканын угуп, батирин сатып, каражатты досунун дарылануусуна жумшайт. Бирок көп узабай эле башкы каармандын иниси ур-токмокко кабылат. Жазуучу кимге жардам берүү керек деген тандоодо калат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: