Өзбекстандын президенти экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн аймактык платформа түзүүнү сунуш кылды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн регионалдык аянтча түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, ал аталган сунушун “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген аталышта өткөн эл аралык конференцияда билдирген.
"Биз кызматташтыктын экономикалык күн тартибин кеңейтүү, кызматташтыкты тереңдетүү жана мамлекеттерибиздин ортосундагы инвестициялык өз ара аракеттенүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жыл сайын аймактар аралык форум өткөрүүнү сунуштайбыз", - деген Мирзийоев.
Андан сырткары Мирзийоев өлкөлөрдүн артыкчылыктуу милдети соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана өз ара инвестициялардын өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү экендигин белгилеген.

