Москвадагы мигранттардын массалык мушташы: Полиция кызматынын мекендештерге болгон мамилеси өзгөрдүбү? Мигранттардын пикири
Эске салсак, буга чейин Орусиянын Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушкан. Аталган окуя орун алгандан кийин полиция кызматынын мекендештерибизге болгон мамилеси өзгөрдүбү? Бул суроо менен Москвада эмгектенип жаткан мекендештерибизге кайрылып, алардын абалын сурап көрдүк.
Учурда Москва шаарында эмгектенип жаткан Нурсултан Зулпуев азырынча полиция кызматынын мамилеси өзгөргөнүн байкай электигин билдирди.
"Социалдык тармакта акыркы учурда орун алган мигранттардын массалык мушташынан кийин полиция кызматынын мамилеси бир аз өзгөргөнүн айтып жатышат. Кээ бир мекендештер метродон документтери текшерилип, атүгүл батирди ижарага алууда дагы бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын айтышууда.
Күн сайын метро менен да, унаа аркылуу да жүрөм. Бирок өзүм мындай текшерүүгө туш болгон жокмун", - деп билдирди Зулпуев.
Ал эми дагы бир мекендешибиз Асан Мамит уулу Москвада полиция кызматы текшерүүнү күчөткөнүн кабарлады.
"Акыркы ай ичи жеткирип берүү кызматында иштеп жатам. Москва облусуна чейин чыгып кетебиз. Буга чейин көптөгөн көчөлөрдө жүрсөм деле полиция бир жолу дагы тоскон эмес.
Акыркы орун алган окуядан кийин байкап турабыз. Бир күндө полиция кызматкерлеринин 2-3 жолку текшерүүсүнө туш болуп жатабыз. Текшерүү учурунда эмне үчүн мындай көзөмөл болуп жатканын сураганыбызда мигранттардын ызы-чуусу себеп экенин айтышууда. Ошондой эле бизди, тагыраагы мигранттарды текшерүүнүн негизги максаты - аталган окуяга катышкандарды издөө экен.
Бүгүн дагы текшерүү бөлүмүнө кирип чыктым", - деди Асан Мамит уулу.
Окуянын чоо-жайы:
Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.
Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.
Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Ошондой эле Москвадагы мигранттардын массалык мушташы: Катышкандарга айып салынып, өлкөдөн чыгарыларын орусиялык басылмалар жазышкан.
Андан соң Москвадагы мигранттардын массалык мушташына катышкан Кыргыз жарандары Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинде билдирүү жасашкан. Москвадагы "Кузьминки" метросунун жанындагы массалык мушташ боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги, кармалган Кыргыз жарандарынан кабар алган.
кошулду


Озунорду тыкан алып,шалбырабай жакшына кийинип журсонор токтотпойт.Кебетеге да карашатко.
Баарынардын ишинерге ийгилик,Аман-эсен иштеп мекенинерге эсен соо баргыла