super.kg logo

Ысык-Көлдөгү пансионаттарда COVID-19 оорусуна каршы эмдөө иштери жүрүүдө

 

Ысык-Көлдөгү "Аврора", "Кыргызское Взморье" жана "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионаттарынын дарылоо бөлмөлөрүндө эс алуучулардын жана жергиликтүү тургундардын COVID-19 оорусуна каршы эмдөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Синофарм вакцинасынын жаңы партиясы келгенден кийин республика боюнча калкты коронавируска каршы эмдөөнүн жигердүү фазасы байкалууда. Көпчүлүк адамдар өздөрүн жана жакындарын оорудан сактоо үчүн вакциналарды күтүп жатышты, анткени вакцина гана коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн эффективдүү ыкмаларынын бири болуп саналат",- деп билдиришти аталган мекемеден.

Эскерте кетсек, 11-июлда Кытайдан Синофарм вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы Кыргыз өлкөсүнө алып келинген. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында коронавируска каршы эмдөөлөр жүргүзүлүүдө. Алар медициналык мекемелерде, пансионаттарда, соода борборлорунда, билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүүдө. Вакцинациядан өтүш үчүн, жарандын жанында паспорту болушу керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: