super.kg logo

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз 6 сааттан кийин табылды

 

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон өспүрүм кызды таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таӊга маал Бостери айылдык милиция бөлүмүнө 56 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 14 жаштагы өспүрүм кызы дайынсыз болуп изделип жатканын билдирген.

Энесинин айтымында, кызы 15-июль күнү болжол менен кечки саат 20:30 чамаларында үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Телефону өчүк болгон. Аталган факты боюнча издөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Алты саатка созулган издөө иштеринин жүрүшүндө жашы жете элек кыздын кайда жүргөн жери аныкталган, анда ал тааныш аялдын үйүндө болгон. Ал эми кыз ата-энеси менен болгон чырдан кийин үйдөн чыгып кеткенин айткан. Милиция кызматкерлери кыз менен профилактикалык иштерди жүргүзүп, аны ата-энесине кайтарып беришкен. Табылган кыздын апасы милиция кызматкерлерине жардамы жана ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: