"Сыналгы берилди". Соттолгондор арасында шахмат боюнча турнир болуп өттү




15-16-июль күндөрү Нельсон Манделанын эл аралык күнүнө арналып соттолгондор арасында шахмат боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, шахмат турнирине ЖАМКнын 13 мекемесинен 13 жазасын өтөп жаткан соттолгондор өз ыктыярлары менен катышышкан. Турнир онлайн режиминде өткөрүлдү. Оюндун эрежелерин сакталышын шахмат федерациясынын президенти Талант Мамытов калыстык кылган.
Турнирдин жыйынтыгында:
1-орун №31 мекеме соттолуучу М.М.Рахматуллаев;
2-орун №10 мекеме соттолгон А.А.Холмирзаев;
3-орун №2 мекеме соттолгон М.Салиева.
Биринчи орунду ээлеген №31 мекемеде жазасын өтөп жаткан соттолуучу М.М.Рахматуллаевге сыналгы белекке берилди, калган эки жеңүүчүгө медаль жана диплом тапшырылды.
Турнирдин уюштуруучулары эркинен ажыратылып, жазаларын өтөп жаткан соттолгондорду пайдалуу жумуш менен камсыз кылуу максатында өткөрүлгөнүн белгилешкен.

