Өлкөдө Айт намаз канчада башталат жана кандай талаптар менен?
Буга чейин өлкөдө айт намазы аянтта эмес, мечиттерде гана окула тургандыгын кабарланган. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Айт намазды өткөрүү эрежелерин жарыялады.
Курман айт намазы 20-июль күнү Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00дө башталат.
Айт намаздын программасы:
07:00-07:20 - Муфтий Замир Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:20-07:30 - Куттуктоолор;
07:30 — Айт намаз;
Эскертүү: Айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.
• Бет каптын болуусу талап кылынат;
• Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат;
• Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты так сактоо;
• Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
• Дааратты үйдөн алуу;
• Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат;
• Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.

