Бишкекте дагы 2 көчө оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды




Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин 2 көчө ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.
"Койбагаров көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин 1,22 чакырым толугу менен реконструкцияланды. Тротуарлар жаңыртылды, оңдоодон кийин жолдун туурасы 9 метрди түзүп, турак үйлөргө жанаша жайгашкан аймак асфальтталды. Жол катмарынын жалпы көлөмү 1025 м2, калыңдыгы 12 сантиметр болду.
Ошондой эле Фере көчөсүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки 1,2 км бөлүгү оңдолуп, тротуарлар төшөлдү. Реконструкциядан кийин жолдун туурасы 8 метрди түздү. Тротуардын жалпы көлөмү 9600 м2, тротуардын калыңдыгы 12 сантиметр. Көчөнүн боюндагы 200 дарак толугу менен сакталып калгандыгын эскертебиз", - деп жазылат билдирүүдө.
Оңдоп-түзөө иштери бүткөн эки көчөгө тең сугат тутуму орнотулду.
Учурда 7 көчөдө жол куруу иштерин бүттү, 29 көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта дагы 8 көчө оңдоо иштери үчүн жабылат.

