super.kg logo

"Салмактары 2 килограммдан жогору". Бишкекте үч эм кыз төрөлдү

 

Кечээ, 16-июлда Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүндө үч эм кыз жарыкка келди. Мындай маалымат кыздардын апасы Айдай Эсенбаевага байланышканыбызда белгилүү болду.

Кыздардын апасы үч эмдин биринчиси 2 килограмм 500 грамм, экинчиси 2 килограмм 300 грам жана акыркысы 2 килограмм 250 грамм болуп төрөлгөнүн айтты.

"Кыздарымды кечээ, 16-июлда операция жолу менен төрөдүм. Ден соолуктары кудайга шүгүр жакшы. Аттарын буга чейин ойлонуп койгонбуз. Улуусуна Күнай, экинчисине Асман жана үчүнчүсүнө Айтол деген аттарды коёлу деп жатабыз. Төрөтканадан абалыбыз буюрса жакшы болсо дүйшөмбү же шейшемби күндөрү чыгарабыз деп жатышат. Өзүм Түптүн Кең-Суу айылынан болом. Турмушка Ак-Суу районунун Жолголот айылына турмушка чыккам", - деди үч эмдин апасы.

Үч эмдүү болгон үй-бүлөнүн буга чейин 3 эркек, 1 кызы бар болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
17.07.2021. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бешик боонор бек болсун! Кыздардын омурун берсин. Бактылуу балалыкта чонойушсун. Бизге да жуксун.
17.07.2021. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизгеда жуксун бешик боон бек болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: