Ошто "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына жана “Өзгөчө сертификатка” ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду

Кечээ, 16-июль күнү 2020-2021-окуу жылын ийгиликтүү аяктап, "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына жана “Өзгөчө сертификаттын” ээси болгон окуучулар баалуу белектер менен сыйланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.
"Сыйлоо аземине Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош шаарындагы башчысы Балтагул Нурунбетов, окуучулар жана алардын ата-энелери катышты.
Вице-мэр республикалык деңгээлдеги бул сынакта бүтүрүүчүлөрдүн билим сапатынын жогору экендиги, анын натыйжасында ушундай ийгиликтердин жаралышы билим берүү тармагында иштеп жаткан ага-эжелердин зор эмгегинен жаралгандыгын танууга боло тургандыгын баса белгиледи", - деп билдиришти мэриядан.

Ош шаарындагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен 35 бүтүрүүчү "Алтын тамга" артыкчылык аттестатынын, ал эми 3 бүтүрүүчү “Өзгөчө сертификаттын” ээси болушкан.
2020-2021-окуу жылындагы Ош шаарындагы 55 мамлекеттик жана 26 менчик мектептердин 11-классын 2 миң 728 бүтүрүүчү ийгиликтүү аяктап, учурда орто билими жөнүндөгү аттестаттарын алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.