super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Германиянын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 18-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосунда өз ара урматтоонун, түшүнүшүүнүн жана көп жылдан берки ийгиликтүү кызматташуунун негизинде жетишилген мамилелердин жогорку деңгээлин терең канааттануу менен белгилейм.

Кыргыз өлкөсү бүгүнкү күндө демократиялык мамлекетти бекемдөө жолунда ишенимдүү өнүгүп жатат. Бул максатта Германиянын көрсөтүп жаткан зор колдоосу биз үчүн өтө маанилүү жана өлкөдө демократиялык, социалдык-экономикалык реформаларды мындан ары улантууга ишеним берет", - деп айтылат куттуктоо катында.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн тыгыз мамилелер мындан ары да кызматташуунун бардык багыттарында өнүгөрүнө ишеним артарын билдирди.

Ал Ангела Меркелге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: