Ошто Акылбек Жапаров менен экс-транспорт министри Нурлан Сулаймановдун чогуу жүргөн сүрөтү жарыяланды
Кечээ, 18-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров Ош шаарында жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Акылбек Жапаровду курулуп жаткан бир катар объектилер, анын ичинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.
Ал арада социалдык тармакта Акылбек Жапаров, Таалайбек Сарыбашов жана издөөгө алынган мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, экс-транспорт министри Нурлан Сулаймановдун сүрөтү жарыяланды.
2016-жылы Биринчи Май райондук соту Сулаймановду жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу кылмыш иши токтотулган.
Белгилей кетсек, 2014-жылы 23-апрелде Башкы прокуратура мурунку транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык айыбы сыртынан угузулган. Маалыматтарга караганда, ошол жылы Октябрь райондук соту тарабынан Нурлан Сулаймановду камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, ал издөөгө алынган. Нурлан Сулайманов Транспорт жана байланыш министри болуп турган убагында мамлекетке 41 миллион 220 миң сом зыян келтирген деп айыпталып жаткан.













1 |