Баткендеги чек арадан мыйзамсыз көмүр ташып бара жаткандар кармалды
Лейлекте чек арадан мыйзамсыз көмүр ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Кароол-Дөбө чек ара тилкесинде нөөмөттө турган чек ара тозоту Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга өткөрүү пунктунан тышкары кетип бара жаткан SHACMAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны байкаган.
"Айдоочу чек арачынын токто деген мыйзамдуу талабына эч кандай реакция кылган эмес. Чек арачы жүк ташуучу унаанын артынан кубалаган.
Чек арадан мыйзамсыз өтүүнүн алдын алуу максатында чек арачы асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, курал колдонгон. Качып бара жаткан унаа капталына оодарылып кеткен.
Кармалган айдоочу жана жүргүнчү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана көмүр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.





1 |