super.kg logo

БШК: "Токмок шаарында шайлоочулардын добуштары кайрадан саналбайт"

 

Токмок шаарындагы бардык 20 шайлоо участогунда добуштарын кол менен саноо мыйзамга ылайык өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча жумушчу тобу "Эл биримдиги", "Бирге-Вместе", "Патриот Ынтымагы" саясий партияларынын даттанууларын кароо боюнча Токмок шаарында көчмө жыйын өткөрдү.

"Участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана байкоочулардын маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын добуштарын кол менен саноо Токмок шаарындагы бардык 20 шайлоо участогунда мыйзамга ылайык өткөрүлгөнү аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 17-июлда "Эл биримдиги", "Бирге-Вместе", "Патриот Ынтымагы" саясий партияларынан Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-июлундагы чечимдерине БШКга даттануу түшкөн. Ал чечимдеринде АШК кайталап шайлоодо Токмок шаарындагы бардык участоктордо добуштарды кайра саноону чечкен.

Токмок шаардык кеңешине ат салышкан 6 партиянын ичинен 7 пайыздык ченемден 5 партия өттү. Алар:

"Бирге-Вместе" - 28,27 пайыз;

"Эмгек" - 24,82 пайыз;

"Асыл мурас-жаштар" - 16,66 пайыз;

"Патриот ынтымагы" - 13,69 пайыз;

"Эл биримдиги" - 12,13 пайыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: