Быйылкы жылы кандай купальниктер трендде?
Жайкы аптапта сергүү үчүн Ысык-Көлгө, бассейнге баргандардын саны арбын. Албетте, эс алуудагы негизги атрибуттардын бири купальник. Бир эле учурда сырт кийимдин, ич кийимдин ролун аткарган купальник тууралуу кеп кылабыз. Бул жылдын тренди болуп жаткан купальниктер тууралуу бизге стилист-дизайнер Замира Молдошева айтып берет.
Быйыл винтаж стилиндеги, тагыраагы трусасынын бели узун болгон купальниктер актуалдуу. Мындан тышкары үстү жабык, жеңи бар купальниктер модада. Мындай купальниктерди кийгенде кофта, көйнөк кийип жүргөндөй көрүнөт.
Эгерде жабык купальник болсо анда жакасы менен тандоо керек.
Кичинекей төштүүлөр үчүн:
-
Чөйчөктөрү калыңдатылган купальник тандаңыз.
-
Үстү, асты бөлөк түстө болгону жакшы. Үстүнкү бөлүгү ачыгыраак болушу керек.
-
Үстүнкү бөлүгү курактар, саймалар менен кооздолгон болсо, төштүн кичине экени байкалбайт.
-
Бир түстөгү, жабык, кооздолбогон, эч нерсе жабыштырылбаган купальниктерден баш тартканыңыз оң.
Саны жоондор үчүн:
-
Астыңкы бөлүгүндө тик сызыкчалары бар болсо, бутту узун кылып көрсөтөт.
-
Свим-дресс кийүү сунушталат.
-
Астыңкы бөлүгү үстү жагынан ачыгыраак түстө болбошу керек.
Курсактуулар үчүн:
-
Жабык купальниктерди кийген оң.
-
Курсак бөлүгүндө тигиштер жүргүзүлгөн, курактар менен кооздолгон купальниктер ичти жашыра алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Rifle_I

20.07.2021. 16:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Купальник эмес, сексупальник.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.