Ысык-Көлдө 29 жаштагы Казак жаранын издөө иштери 4 күндөн бери уланууда








Ысык-Көлдө дайынсыз болуп изделип жаткан Казак жаранын издөөгө кошумча күчтөр тартылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, издөө иштерине 100дөн ашуун милиция кызматкерлери, аймактык куткаруу кызматынын кызматкерлери тартылды.
Окуянын чоо-жайы:
29 жаштагы К.В. аттуу Казак жараны 15-июлдан бери дайынсыз болууда. Ошол күнү кечки саат 20:30 чамасында Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 51 жаштагы Орус жараны кайрылган. Ал 1992-жылы туулган кызы эс алуу учурунда дайынсыз болуп кеткенин кабарлаган.
Жерине ыкчам тергөө тобу барганда Орус жараны 14-июлда жубайы, эки кызы жана бир уулу менен эс алууга келгени маалым болгон. Ошондой эле дайынсыз болгон кызы Казак жараны экени аныкталган. 15-июлда саат 18:00 чамасында 29 жаштагы кыз сүрөт тартуу үчүн атасынын телефонун сураганы, бул учурда ата-энеси отун терип келүүгө кеткени белгилүү болгон. Кыз көпүрөнүн аркы тарабында калган. Отун чогултуп келгенден кийин ата-эне кызын таппай калган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

