super.kg logo

Садыр Жапаров Курман айт майрамы менен кыргыз элин куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Ассалому алейкум, ардактуу мусулман мекендештер!
Сиздерди ислам дининин ыйык майрамдарынын бири Курман айт майрамы менен чын ыкластан куттуктайм.

Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга жакындоо максатында курмандык чалышып, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жана муктаждарга таратышат. Ушул себептен Курман айт аруулуктун жана кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат.

Тагдырдын буйругу экен, эгемен Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында ушуну менен экинчи жолу коронавирус илдетине байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен коштолууда. Бул илдеттен көз жумган жарандарыбызды Жараткан өз мээримине алсын. Ооруп жаткандарга Жараткан шыпаасын берип, алардын тезирээк айыгып кетүүлөрүн тилек кылабыз. Учурдан пайдаланып бардык жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө жана ден соолукту бекемдөөгө чакырып кетмекчимин.

Күчтүү коом капилеттен келген ар кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго жана өзгөрүүлөргө каршы даяр болушу керек. Үстүбүздөгү жыл ушундай сыноолор менен коштолсо да, биз бардыгын сабырдуулук, айкөлдүк жана туруктуулук менен жеңип, жаңы ийгиликтерге ишенимдүү кадам таштайбыз.

Кудай Таала ар бир үйгө береке, ырыскы жана бакыт тартуулап, бизди ар кандай оору-сыркоолордон оолак кылсын!

Айтыбыз элибизге, жерибизге жана жалпы мусулман дүйнөсүнө маарек болуп, тынчтык, токчулук жана молчулук ыроолосун!

Жараткан Кыргыз өлкөбүздү сактасын, баарыбызды кийинки Курман айтка чейин аман-эсен жеткирсин!

Оомийин!" - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.07.2021. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат урматтуу президент Жапаров Садыр Нуркожоевич Аллахым сиздин уй булоонузду да тынч аман кылсын балдарыныз жана келечек муундун жаштары сизди тартып чынчыл мекенчил ыймандуу эр журок болушсу, сизге окшоп кыйынчылыкка сынбаган чыдамкай и доско бекем атуулдардан болушсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: