super.kg logo

ӨКМ: "Лейлектеги селден 16 жаштагы баланы сел агызган эмес, ал эс-учун жоготуп каза болгон"

 

Баткен облусунун Лейлек районундагы селден Ак-Терек айылында 25 турак үй, 1 мектеп, 1 бала бакча жана 1 мечиттин короосу, ички чарбалык унаа жолдор зыянга учураган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ал эми 2005-жылы туулган А.у.А. аттуу баланы сел агызган эмес, ал коопсуз жерде турган жеринен эс-учун жоготуп каза болгон.

Бүгүн жеринде тактоо жана селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүү үчүн райондук жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМнын кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан, Баткен облустук башкармалыгынын ыкчам топтору жана жалпы ӨКМнын 42 куткаруучусу тартылды. Мындан сырткары жергиликтүү тургундары кол кабыш кылып, кошумча инженердик техникалар тартылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: