Курманбек Дыйканбаев, депутат: "Өкмөт саруулуктар менен сүйлөшүүсү зарыл"

Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев өкмөт Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургундарынын нааразычылыктарына кайдыгер карабай, сүйлөшүүгө барышы керек деген ойдо. Муну аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти. Депутат билдиргендей, карапайым калктын ар кандай аракеттерге барып жатышы бийликти ойлонто турган чакырык.
"Өкмөттүн эл арасындагы мындай нааразылыкты камап, күч менен басуу аракетинен майнап чыкпай, тескерисинче, элдин жалпы бийликке карата кыжырдануусун күчөтүп жибериши толук мүмкүн. Ошондуктан өкмөт кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салып, нааразычылык жараткан маселелерди тез чечүүгө аракет кылышы зарыл",- дейт Дыйканбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
3

