super.kg logo

Президент Садыр Жапаров селден каза болгондор менен жабыркаган үй-бүлөлөргө көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы ар кандай табигый кырсыктар - сел, жер көчкү, суу ташкыны ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу ишке тартылган мамлекеттик органдар менен тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин белгиледи.

Өлкө жарандарынын ден соолугу менен өмүрүнүн жана алардын мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл.

Ошону менен бирге министрлер кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүү тапшырылды.

Президент Садыр Жапаров табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Бардык жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: