super.kg logo

Айтматовдун уулу көрүстөндөгү түндүк жерге ыргытылгандыгын айтып чыкты

 

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Ата-Бейиттеги көрүстөнүндөгү түндүктү белгисиз адамдар алып салышкандыгы тууралуу билдирүүлөр тараган.

Бул боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында, “Түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу ниетинде түндүк алып салынган" деп жооп берген.

Ал эми Айтматовдун уулу Аскар Айтматов түндүк Ата-Бейит комплексинин жанына ыргытылгандыгын айтып, мемориалдык комплекстин архитектуралык долбоорунун автору Улан Бейшеналиевге социалдык тармактан кайрылган. Бул боюнча коомдук ишмер Ассоль Молдокматова баракчасына жазды.

"Түндүктү көтөрүү талабы менен көптөгөн кайрылуулар болду деп жатасыз. Комплекс ачылгандан бери өткөн сегиз жылдын ичинде коом тарабынан мындай талаптарды уга элекмин.

Түндүк жерде жаткан эмес, бийиктиги жарым метрден кем эмес мраморго орнотулган. Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсү түбөлүктүү үй, ал эми түндүк бул үйдүн чатыры. Эң негизгиси, Айтматовдун мүрзөсүндөгү түндүктүн айынан элибизде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экендигинен шек санайм.

Сиздин сөзүңүз боюнча түндүк ыргытылган эмес. Мына сиз ансыз деле ачык эле калп айтып жатасыз. Мүрзөдөн алынган түндүк комплекстин жанындагы жерге ыргытылган", - деп билдирген Аскар Айтматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
21.07.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Арапкулдардын кесепети
21.07.2021. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Nina.alex,доорубочу акимден корбой с коруп
Datka7777 түзөттү 2021-07-21 14:58:16
21.07.2021. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Nina.alex,Зима не будеттин кулдарына койсоң кайдагы темирлергеда сыйына беришет))...
Бектурган түзөттү 2021-07-21 15:18:05
21.07.2021. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумбоз качан уй болду эле? Алтындан жасалса да олгон адамга жардам бербейт ал. Ата бабадан келаткан улуу мурасты кумбоздон башка эле жакка койсок жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: