Статком: "Өлкөдө пневмония оорусуна чалдыккандар өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 24 пайызга көбөйдү"
Республикада пневмония оорусуна чалдыгуулар өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 24 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланды.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, ушул жылдын январь-июнунда жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 24,3 пайызга көп.
Январь-июнда пневмония оорусуна чалдыгуулардын саны
Бардык учурлар |
Пайыз менен |
|||
---|---|---|---|---|
2020 |
2021 |
Өткөн жылдын тиешелүү мезгили
|
жыйынтыгы |
|
Кыргыз өлкөсү |
13 026 |
16 190 |
124,3 |
100 |
Баткен облусу |
1 811 |
1 353 |
74,7 |
8,4 |
Жалал-Абад облусу |
2 659 |
2 852 |
107,3 |
17,6 |
Ысык-Көл облусу |
1 326 |
2 137 |
161,2 |
13,2 |
Нарын облусу |
706 |
1 203 |
170,4 |
7,4 |
Ош облусу |
2 193 |
2 451 |
111,8 |
15,1 |
Талас облусу |
781 |
624 |
79,9 |
3,9 |
Чүй облусу |
2 020 |
3 285 |
162,6 |
20,3 |
Бишкек шаары |
1 188 |
1 875 |
157,8 |
11,6 |
Ош шаары |
342 |
410 |
119,9 |
2,5 |
Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда - 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында - 1,6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди. Ошол эле учурда оорулардын саны Баткен облусунда - 25,3 пайызга жана Талас облусунда - 20,1 пайызга төмөндөдү.
Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүш Чүй облусуна - 20,3 пайыз, Жалал-Абад облусуна - 17,6 пайызы жана Ош облусуна - 15,1 пайызы туура келди.

