Токтайым Үмөталиева жыйын учурунда министрге эмнеге массаж жасап бергенин түшүндүрдү
Бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти каралды.
Жыйын учурунда укук коргоочу Токтайым Үмөталиева юстиция министри Асел Чыныбаевага массаж жасап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган.
Бул окуяны Токтайым Үмөталиева төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди:
"Асел Чыныбаева жакын арада эле пневмония болуп анын кесепеттери менен дагы да болсо күрөшүп жатыптыр. Жыйын учурунда бет кап кийип отургандыктан анын деми кысылып, жөтөлө баштады. Мындан улам жардам берүү максатында ага массаж жасап берип бир аз да болсо өзүнө келүүсүнө көмөктөштүм", - деп билдирди Үмөталиева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Жаштар келсе орун жок, орун болсо акча сурайт, левый акчаларын билип калганда жаш кадырды иштен алат, бастыра койбой сүйлөп жүрүп тажатат....