super.kg logo

Алдамчынын курмандыгы болбоо үчүн эмне кылуу керек? ИИМдин кеңеши

 

ИИМ телефон чалуу аркылуу алдамчылык кылган жарандардан сактануу үчүн төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Телефонго туугандарыңыздын, досторуңуздун жана тааныштарыңыздын гана номерин жазыңыз.

Белгисиз адамдардан келген каттарга жооп бербеңиз.

Белгисиз номерлерден чалгандардан сак болуңуз.

ПИН-код (сыр белги) менен банктык карточканын номерлерин талап кылууга эч кимдин укугу жок.
Тарифтердин өзгөрүшү, жүргүзүлүп жаткан акцияларды, лотереяларды тактоо үчүн уюлдук операторго чалып маалымат алыңыздар.

Эгерде сиз күмөн санап жатсаңыз, анда сизге чалган досуңуздун жана тууганыңыздын уюлдук телефонуна чалууга аракет кылыңыз.

Эгерде телефону өчүк болсо, анын кесиптештерине, досторуна жана жакындарына маалыматты тактоо үчүн байланышыңыз.

Утуп алууларды каттоо бир гана телефон жана интернет аркылуу жүргүзүлбөйт. Эгерде сизди акциянын уюштуруучусу кеңсеге документтер менен келүүнү айтпаса, анда бул алдамчылык.


Эгерде сиз кылмыштуу аракеттерден жабыркаган болсоңуз, тез арада милицияга, 102 телефонуна чалыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: