1-сентябрда окуучуларды кабыл алууга даяр. Баткендеги Максат айылында талкаланган мектеп калыбына келтирилди
















Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына барды. Анда төрага Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы окуядан зыянга учураган турак жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
"Финансылык маселелер чечилген. Каражат бөлүнгөн. Объектилердин курулушун гана жыйынтыктабастан, инфраструктураны, анын ичинде негизги көчөлөрдү асфальтташтыруу жана жарыктандыруу маселесин чечүү зарыл. Тургундар ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалышы тийиш", - деди Улукбек Марипов.
Андан соң Марипов Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара постунда болду. Учурда аскер объектисин калыбына келтирүү боюнча активдүү иш жүрүүдө. Ошондой эле аталган айылдагы талкаланган орто мектепке барды.
"Мектепти калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр", - деп белгиледи Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов Лейлек районунун Кулунду жана Сада айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту.
Белгилей кетсек, Максат айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу жыйынтыкталуу алдында турат, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү, Максат айылындагы мектеп толугу менен калыбына келтирилген, ал эми 100 орунга эсептелген "Сейтек" балдар бакчасынын курулушу 70 пайызга жыйынтыкталган.
Мындан тышкары 10 турак жайдын курулушу жыйынтыкталып, 40 турак жайдын курулушу 70 пайызга бүттү. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жалпысынан 83 турак жай объектиси курулмакчы.

