super.kg logo

Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Жалал-Абадда селдин кесепетинен 390 турак үй зыянга учурады

 
Жалал-Абад облусунун аймагында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, жалпы 390 турак жай зыянга учурап, анын ичинен 106 турак жайдын ичине сел суулары кирген. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашат.
20-июль күнү саат 17:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Сузак районундагы Чаңгыр-Таш айылынын 2015-жылы туулган Арууке Манапованы сел агызып кеткен, издөө иштеринин натыйжасында кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.
Тартылган күч жана каражаттар: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 182 кызматкер, Сузак райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 173 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 210 адам жана "Тез жардамдын" 18 кызматкери тартылды. Мындан тышкары атайын техникалар тартылды.
Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысынын буйругунун негизинде райондун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Жеринде тактоо иштери улантылууда. Ал эми министрлик тарабынан 10 орундуу 25 чатыр бөлүнгөн. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чангыр-Таш айылынын 68 турак үйдүн короо жайларында тазалоо жумуштары жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: