super.kg logo

Кытайдагы суу ташкынынан 25 адам каза болду

 

Кытайдын Чжэнчжоу шаарында борбордук провинциясындагы суу ташкынынан 25 адам каза болду. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жети адам дайынсыз болгону кабарланууда. 16-июлдан бери катуу жааган жамгырдын жана суу ташкынынын кесепетинен Хэнань провинциясынын 1 миллион 244 миң жашоочусу жапа чеккен.

"Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь кытай бийлиги табигый кырсыктан каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында чет элдик жарандар жөнүндө маалымат жок экенин билдирди. Бир нече күн бою жааган жамгырдан улам Хэнань провинциясында суу ташкыны башталган. Шейшемби күнү провинциянын борбору - Чжэнчжоу шаарындагы поездди суу каптоонун натыйжасында 12 адам каза болуп, бешөө жаракат алышты. Чжэнчжоунун батыш тарабындагы Гуни шаарынын бийлиги төрт адам каза болгонун билдирген", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: