super.kg logo

Улукбек Марипов Баткендеги сел жүргөн айылга барып, каза болгон өспүрүмдүн жакындарына көңүл айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен районундагы селден жабыркаган бир катар айылдарга барды. Анда Марипов Лейлек районунун Катран айылына барып, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды. Таанышуунун жүрүшүндө Марипов жашоо үчүн кооптуу аймактардан тургундарды көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

"Табият кырсыгы – тилсиз жоо. Биз кырсык качан кайталанарын күтүп отурбастан, мындан ары курмандыктарга жол бербешибиз керек. Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тургундарды кооптуу тилкелерден көчүрүү маселесин тездетүү зарыл. 2018-жылы көчүрүү процесси башталып, жер тилкелери жана курулуш материалдары бөлүнгөн. Бирок түшүндүрүү иштери начар уюштурулгандыктан, тургундар кооптуу тилкелерде жашап кала берген. Жергиликтүү тургундар арасында көчүрүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин активдештирүү керек", – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Президент тарабынан республиканын аймактарындагы табият кырсыгынын алдын алуу боюнча иш-чаралар жыйындысын күчөтүү тапшырмасы берилген.

"Негизгиси – селден Катран айылынын тургундары каза болгон жок. Зыяндын көлөмү бааланган соң ырааттуу түрдө бардык жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт", – деди Улукбек Марипов.

Белгилей кетсек, Лейлек районунун Катран айылында жүргөн селден улам 28 турак жайга зыян келтирилген. Баткен облусунун Лейлек районунда жалпысынан 93 турак үй зыянга учураган.


Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Терек айылында сел кырсыгынан 9-класстын окуучусу каза болгон үй-бүлөнүн акыбалынан кабар алып, каза болгон баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: