Маалыматта айтылгандай, Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев Рухий-Мурас жаңы конушунун жашоочулары менен жолукту. Жолугушууга "Бишкексууканал" башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын, №6 МАБдын өкүлдөрү жана конуштун жашоочулары катышты.
Район башчысы тургундарга быйыл Рухий-Мурас конушуна жалпы билим берүүчү мектептин курулушу башталарын маалымдады. Жаңы мектеп 700 орунга ылайыкташтырылып, долбоордук-сметалык кагаздары толугу менен бүткөрүлгөн. Бул мектеп шаардык бюджеттин эсебинен курулат жана учурда мамлекеттик сатып алуулар порталында конкурстук иштер жүргүзүлүп жатат.
"Мындан сырткары, тургундардын демилгеси менен саркынды суулар өтүүчү канализация куруу иштери, аны мэриянын балансына алуу маселеси талкууланды. "Бишкексууканал" башкармалыгынын өкүлү аны баланска алуу үчүн техникалык тейлөөгө кабыл алуу жүргүзүлөрү, анда курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык түтүктөрдү төшөө керектигин маалымдады.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына аталган кичи район үчүн Учкун, Аламүдүн-1, №5 поликлиника, "Таатан" базары боюнча кошумча каттам линиясын тургундар менен биргеликте карап чыгуу тапшырмасы берилди", - деп айтылат мэриянын маалыматында.