super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман Токтогулдагы мамлекеттик нотариустун ишине нааразы экенин айтты

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Токтогул шаарынын тургуну кайрылып, мамлекеттик нотариустун ишине нааразы экендигин билдирди.

"Токтогул шаарындагы мамлекеттик нотариуска ишибиз түшүп барсак, ал жерде иштеп жаткан жашы улуу эженин элге кылган мамилесин көрүп аябай иренжидим. Уул-кыздарынын төрүндө сый көрүп отура турган куракта элдин нааразычылыгын жаратып иштебей эле койсо болмок экен.

Эки саат түштөнүүгө кетишет, кыскасы нотариустун эшигинде үч күн отуруп ишибиз бүтпөй дагы келе турган болуп үйүбүзгө кеттик. Антпесек ысыкта көчөдө отура берип ооруп калчудайбыз. Акчаны банк аркылуу эмес, өздөрү каалагандай алышат экен. Ишиңди батыраак бүтүрүп берсе берген акчаңа деле кайылсың.

Буларды тескей турган орган барбы?" - деп айтылат окурмандын кайрылуусунда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.07.2021. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн туура. Негизи озу ЗАГС менен Гос.нотариустагы иштегендер элге ото катуу тийишет. Же аларга эл коп келе берип крышасы тайып калабы билбейм.
22.07.2021. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bikosh2015,болушу мумкун.аларгада ар кандай адамдар баратда
22.07.2021. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура жазып чыгыптыр менин да жумушум бутбой турат ошондой кагынып силкинген аял экен жумушумду бүтүрүп алайын деп элдер өзүлөрү көп акча кармата берип жаман көндүрүп коюшуптур менден ачык эле сурады 500 сом таштап кет деп бербей койдум. Документтик иштер менен кайрылдым эле бүткөндө өзүм чалам деген жок дагы деле бир ай болду. Калжандатпай кетирбесе болбойт бул аялды жүрө беребизби күндө эле акча коротуп барып келип.
22.07.2021. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оооооой мен айтайын деген маселе экен. Таласта нотариус Динара деген отттттоо алкымы чон. 1000с деп жазып 3000 алат. Эч чек жазышпайт. Каалаган учурундв кетип келет жумушка. Ауууууу,гкнб эмнеге ошондой адамдарды ьекшербейсинер???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: