super.kg logo

"Кээ бир депутаттар Садыр Жапаровго мактоо ырын созушту". Дастан Бекешев президент менен жолугушууда эмнелер тууралуу сөз болгонун айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент менен депутаттардын арасында пикир алмашуу орун алып, ал айрыкча, шайлоо мыйзамдары жөнүндө болгонун өзүнүн Телеграмм каналында билдирди.

Жолугушууда эч кандай деле жашыруун маалыматтар болбогонун, депутаттар шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү, шайлоону кандай кылып өткөрүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын бергенин билдирди.

"Мен мындай сунуш бердим Ички иштер министрлигине же БШКга, добуш сатып алуу болуп жаткандыгын билдирген адамга тергөө аяктагандан кийин жана күнөөлүүлөрдү сот жообуна тарткандан кийин айып пулдун жарымын мыйзам бузууну билдирген адамга өткөрүп берүү керек. Ошондо гана шайлоочу, мыйзам бузууларды ачык айтканга кызыкдар болмок", - деген депутат.

Ал сыйлык катары 10 миң сом төлөп берүүнү сунуштаган. Бул сунушту президент Садыр Жапаров жазып алганын кошумчалады.

Депутат белгилегендей, биз паракорчулукту жоймоюнча, таза шайлоо жөнүндө сөз кыла албайбыз. 11-июлда өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо дагы таза болгон эмес.

Мындан тышкары, эл өкүлү кечээги жолугушууда Садыр Жапаровго мактоо ырларын созуп берген айрым кесиптештерине боору ооругандыгын айтты.

Белгилүү болгондой, кечээ "Ала-Арча" резиденциясында Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолуккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
22.07.2021. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы, ээң жакшы
22.07.2021. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арзыматтар коп азыр
26.07.2021. 06:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сени камаш керек озу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: