"Жардам берүүгө даяр". Борбор калаада ковид-19га каршы эмдөө иштери уюштурулууда




Бишкектин Свердлов районунда калкка эмдөөнүн маанилүүлүгү жана зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштерине 10 мектептин мугалимдери, ошондой эле "Аламүдүн" базарынын кызматкерлери катышты.
"Шаардык жана райондук социалдык фонддун, райондук салык кызматынын жана "Бишкексууканал" ишканасынын кызматкерлери үчүн жер-жерлерде эмдөө уюштурулду.
Акимчиликтер ишкерлерге жана ишканаларга кызматкерлерге алгачкы эмдөөлөрдү уюштурууда жардам берүүгө даяр. Каалоо баракчаларын райондук администрацияга тапшыруу керек", - деп билдиришти мэриядан.
Бишкек шаарынын мэриясы ар бир адамды этияттык чараларын көрүүгө жана жабык жайларда, коомдук транспортто бет кап кийип жүрүүгө, коомдук аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуп, эмдөөгө чакырат.


Кандай эмдоо?...ковид менен олтуро албай адамдардрды эми эмдоо менен кыра башташты адамзатты!
Мына азыр эле менин жакын классташым эмдоодон 3 кун жатып температура болуп,бул дуйнодон кете берди..дени сак адам болчу.
Албагыла эмдоо,каршы тургула,мен азыр ыйлап жазып жатам.Бут жакындарыма айттым,силерге да айтам эмдоо албагыла.
Каршы чыгыш керек мындайга бул эмне деген мыйзам.Адам укугун тепселеп...Мал менен барабар болуп калдык.
Эмдоого каршы ураанын которгуло!