super.kg logo

Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов кызматынан бошотулду

 

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Зиядин Жамалдинов дайындалды. Ал эми буга чейин ал кызматты аркалап келген Жарасул Абдураимов башка кызматка дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, Жарасул Абдураимов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалган.

"Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынган, мурда ал бир катар өнөр жай объектилерин жетектеп келген", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин, Каныбек Осмоналиев бир тууганы президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан Жарасул Абдураимов бошотулганын айтып чыккан. Бирок ага жооп кылып Абдураимов кызматта иштеп жатканын, болгону агасы менен байланыша албай жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.07.2021. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чал болуп калыптырго, кеткилечи...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: