super.kg logo

Президенттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Эркин Тентишевдин өмүр баяны

 

Бүгүн, 22-июлда президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эркин Тентишев дайындалды. Өлкө башчынын аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өмүр баяны менен тааныштырабыз.

Эркин Тентишев 1962-жылы Фрунзеде төрөлгөн.

Билими: 1979-1986- жылдары Айыл чарба институтунда, 1996-2000-жылдары Кыргыз эл аралык университетинде, 2000-2003-жылдары Дипломатиялык академиясында билим алган.

Эмгек жолу:

1986-1999 - Кемин районундагы Ильич атындагы мамлекеттик асыл тукум завод комплексинин контролдоо-селекциялык чарбасынын башчысынын милдетин аткаруучу;

1990-1991 - башкы зоотехник, Кемин районундагы Быстровск суу сактагыч айыл чарба ишканасынын директору;

1993-жылы Бишкек шаарындагы "Аида" туристтик фирманын негиздөөчүсү;

1998-2001-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Пакистандагы соода өкүлчүлүгүнүн башчысы;

2001-2004-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Пакистандагы башкы консулу, дипломатиялык миссиясынын башчысы;

2004-2005-жылдары Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Иммиграциялык фонддун директору;

2004-жылдан бери С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү.

Сыйлыктары:

"Даңк", "7-Апрель баатыры", "Кеменгер" жана Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүнүн медалдарынын, бир катар Ардак грамоталардын ээси, Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери наамы менен сыйланган.

Эркин Тентишев 1990-жылдан тартып кайрымдуулук (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ардаргерлерге, балдар үйлөрүнө) иштерин жасап, көк бөрү оюнун, жаш спортчуларга колдоо көрсөтүп келет.

"Солто" коомдук бирикмесинин төрагасы.

Садыр Жапаровдун жарлыгы менен натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, аймактарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.07.2021. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көрөбүз. Жөжөлөрүн күзүндө санайбыз.
23.07.2021. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чуйлукторду Ошко, Оштуктарды Чүй тарапка жөнөтөбүз дешип атышат беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: