60 күнгө чейин жүрө алышат. Президент 9 өлкөнүн жарандарына визасыз режим киргизди
Өлкө башчы Садыр Жапаров "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Мыйзам бир катар өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүү жана туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүү максатында кабыл алынганын президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Жогоруда аталган мыйзамга ылайык, 60 күнгө чейин визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесине тогуз жаңы өлкө - Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика кошулду.
Мындан тышкары мыйзам улуттук коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында министрлер кабинети улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана тышкы иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдашылган сунушу боюнча визасыз кирүү режимин толугу менен же жарым-жартылай токтото туруу укугу менен толукталды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.













1 |