Жалал-Абаддагы Достук айылында селдин кесепетинен түшүмдүн бир бөлүгү талкаланды





Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бир катар айылдарда сел жүрүп, анын кесепетинен турак үйлөр, эгин талаалары зыянга учурады. Достук айылында сел ташкындарынан улам эгин талаалары жана түшүмдүн бир бөлүгү талкаланды. Бул тууралуу министрлер кабинети тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен жана Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгында ушул жылдын 20-июлунда сел жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Достук айылына барды.
Улукбек Марипов билдиргендей, келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталган соң жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.