Маалыматка ылайык, 22-июлга караган түнү Ала-Арча дарыясынан "Кашка Суу" платинасы аркылуу шаарга 5 куб суу келди.

Сугат иштери "Ынтымак", "Ден соолук" сейил бактарында, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында жүргүзүлдү.

"Андан тышкары Аламүдүн дарыясынан 8 куб суу жана Чыгыш ЧЧКсынан 2 куб метр суу берилген. Калаабызга берилген сууну "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын сугатчылары жана агрономдору райондор боюнча бөлүштү.

Ошол эле учурда Панфилов, Тыналиев, Жукеев-Пудовкин, Байтик баатыр, Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүндө сугат иштери өткөрүлдү", - деп билдиришти мэриядан.