Токтогул суу сактагычындагы суу сутка ичинде 18 миллион метр кубга көбөйдү
Бүгүн, 23-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 630 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 23-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 630 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 656 метр куб, агып чыгышы 451 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 22-июлда суу сактагычта 11 миллиард 612 миллион метр куб суу бар болчу.
Ал эми былтыр, 2020-жылы 23-июлда 13 миллиард 834 миллион метр куб суу болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Dembele84

23.07.2021. 15:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сууну кобойду кобойду дейсинер,кайра эле квитанция менен кошо "светти аз иштеткиле Токтогул ГЭС инде суу аз деп жазып баштапсынар!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.