"Спутник V" вакцинасын алган аял үч күндөн кийин каза болду. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө
Коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын "Спутник V" вакцинасын алган аял каза болду. Учурда ага соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатканын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча эмдөөнүн терс көрүнүштөрү такталууда.
"Каза болгон жаран 19-июль күнү саат 08:30да №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунан "Спутник V" вакцинасын алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин дагы кошумча маалымат берилет", - деди Жалалидин Рахматуллаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Оорубай этпей эле,отпускада журуп Ыссык-Колдон дем алып,ойноп кулуп жургон,жаркылдаган кызыбыз вакцинадан кетти.Жумушунан албасан болбойт,алыш керек,албай келбе жумушка деп алдыртып 3-куну кыздан айрылдык.