super.kg logo

Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган апанын жаңы видеосу кайрадан талкууда

 

Социалдык тармактарда Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган апанын видеосу кайрадан көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Анда ал "эл "Лампочкаң айныды го" деп тамашалап калышат. Анан мен айтып калам "Лампочкам" айныбайт, кээде "замыкание" болот деп коём. Анча-мынча "замыкание" болот да", - деп айтканы социалдык тармакка желдей тарады.

Ал эми Гүлнара Назаркулова бул видео боюнча төмөнкүдөй комментарий берди.

"20-июлда жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушуу орун алган. Ошол жакка чогулуш болот деп чакырышканынан баргам. Мени "Лампочка эже" дей беришет. Ал жерде сурашканынан жооп берип койгом. Ал видео интернетке тарап кеткен экен.

Ар бир келген өлкө башчысына үмүт артып, ишенип сүйүнгөнбүз. Азыр дагы сүйүнөбүз.

Менин балам 4 ай даабатта жүргөндө Садырдын атасы бир мечитке чай берип, баня уюштуруп берип, балам абакта дуба кылып койгулачы деп ыйлаган экен. Балам даабаттан келгенден кийин мага айтты. Анан Садыр ким экен деп сурап калдым. Балам мага ал жөнүндө айтып берди. Мен дагы беш убак намаз окуганда Садыр түрмөдөн чыгып калсын деп дуба кыла берчүмүн.

Мен өзүм заман тынч болсо деп эле үйдө отурам", - деп билдирди Назаркулова.

Эске салсак, буга чейин "Садага болоюн Садыр, мени карап кой, онанайын чырагым, лампочкам" деп айткан видосу тараган.

Көп өтпөй SUPER.KG порталы Гүлнара Назаркуловадан маек алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
23.07.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура замыкание болмок тургай өчүп кайра жанат. Моргать этет, слаааабый болуп кайра жаркырап жанат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: