super.kg logo

Президент ИИМге мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырды

 

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара мас абалындагы айдоочулардын күнөөсүнөн боло турган жол кырсыктарын алдын алуу. Алкоголдук ичимдик ичип же баңгизат колдонуп мас абалында жүргөн айдоочулардын транспорт каражаттарын башкаруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында зарыл.

"Ички иштер министрлиги жайкы туристтик мезгилде жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүшү керек.

Мамлекет башчысы мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана Ысык-Көл облусунун аймагында, ошондой эле аталган облуска бара жаткан же келе жаткан жолдо алдын алуу иш-чараларын күчөтүү үчүн кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, автожолдордогу кыймылга, жол кыймылынын эрежелерин жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: