super.kg logo

Байге фонду каралган. Жусуп Абдрахманов тууралуу киносценарийге сынак жарыяланды

 
Кинематография департаменти Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган көркөм тасманын мыкты сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Сынактын максаты - кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун Кыргыз өлкөсүнүн түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоо жана атуулдардын арасында патриоттук ойлорду, маданий баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат.
Сынак 2 этапта өткөрүлөт:
1-этап: 2021-жылдын 15-октябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабыл алынат;
2-этап: 2021-жылдын 15-ноябрына чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан сынактын жеңүүчүсү аныкталат.
Сынактын жыйынтыгы боюнча, жеңүүчүлөргө министрлик тарабынан байге фонду каралган. Жеңүүчүлөр сценарийдин негизинде көркөм фильм тартуу үчүн автордук укуктарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп беришет. Сынакка катышуунун шарттары:
1. Комиссиянын кароосуна толук сценардык пакетти камтыган сынактык билдирме тапшырылышы керек:
- сынактык билдирме;
- тасманын сценарийи;
- автордун резюмеси жана фильмографиясы.
2. Көркөм фильмдин сценарийинде оригиналдуу сюжет, сюжеттик багыттардын логикалык жактан өнүгүүсү болуш керек.
3. Сынакка катышуучулар тарабынан иштелип чыккан сценарийлердин мазмунунда төмөндөгүлөр болбошу зарыл:
- үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик объектилеринен көчүрүп алуу;
- баңгизаттарды, алкоголь ичимдиктерин, тамеки тартууну, дары-дармектерди, курал-жарактарды пропагандалоо (актоо) сюжеттери;
- конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакыруу;
- согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка чакыруу;
- улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандыруу;
- улуттук же тектик артыкчылыкты жана сабырсыздыкты үгүттөө;
- порнографиялык мазмундагы сценалар.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган же таркатууга чек коюлган маалымат материалдары.
4. Материалдар мамлекеттик же расмий тилдерде кабыл алынат.
5. Сынакка катышуучулар сценардык пакетти кагаз түрүндө 5 нускада жана электрондук форматта тапшырышат. Материалдардын кагаз түрүндөгү нускасы электрондук нускасына дал келүүсү зарыл.
6. Толук сценардык пакет конвертке салынып, чапталган түрдө берилет. Конверттин сыртында төмөндөгү маалыматтар болушу керек:
- катышуучунун аты-жөнү (толук);
- электрондук дареги жана телефон номерлери;
Белги: «Жусуп Абдрахманов». Киносценарийлердин сынагына».
Байланыш номерлери: 0312 301 042; 0312 300 265.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: