super.kg logo

Элчилик: "Июль айында Орусиянын бардык аймактарынан 18 Кыргыз жараны чыгарылган"

 
Орусиянын аймагында камактан бошотулган, ошондой эле улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарын массалык түрдө депортациялоо жана чыгаруу боюнча фактылары жок. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
Элчиликтен кабарлашкандай, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз жарандары Орусиянын аймагынан массалык түрдө чыгарылып жаткандыгы тууралуу айткан.
"Учурда Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан чет өлкөлүк жарандарды 12-июлдагы Москва шаарынын "Кузьминки" метросундагы мигранттардын массалык мушташка катыштыгы бар-жогун текшерүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүнүн 65 жараны атайын кармоочу жайда.
Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө жана Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.
Башкы консулдуктардын жана элчиликтин кеңселеринин маалыматы боюнча, ушул жылдын июль айында Орусиянын бардык аймактарынан жалпы 18 адам чыгарылган. Бүгүнкү күндө Москва шаарындагы (Сахарово айылы) чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда Кыргыз Республикасынын 9 жараны (кылмыш иши козголгон) кармалууда, алардын ичинен 5 жаран 25-июлда Кыргыз жергесине жөнөтүлөт, калгандары ушул жылдын август айынын башына чейин (соттун чечими күчүнө киргенден кийин). Ошону менен бирге 1 жаран убактылуу баш калкалоо тууралуу чечим кабыл алынганга чейин кармалат", - дешти мекемеден.

Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөн ашуун мигрант массалык мушташ уюштурушканы маалымдалган.

Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.

Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: