"Коронавирус, сууга чөгүү, суицид". Ноокен милициясы элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү




Ноокен райондук ички иштер бөлүмү кылмыштуулуктун, түрдүү кырсыктардын жана коронавирустун алдын алуу максатында бир топ иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБи кабарлады.
"Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу, Бөлүм жана Ынтымак айылдарында РИИБдин кызматкерлери санэпидкөзөмөл борборунун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар жергиликтүү тургундарды бет кап тагынууга, тиешелүү санитардык талаптарды сактоого чакырышты.
Ошондой эле район аймагында суицид жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу иштери жүргүзүлдү. Жарандар менен бул сыяктуу көйгөйлүү маселелердин келип чыгуусу жана алдын алуу жолдору талкууланды", - деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары сууга чөгүүлөрдү болтурбоо максатында жеринде түшүндүрүү иштери алып барылды. Өспүрүмдөрдү аптаптуу күндөрү кароосуз калтырбоо зарылдыгы ата-энелерге эскертилди. Сууга түшүүгө кооптуу делген каналдарга, шар аккан сууларга барбоо керектиги жеткирилген.
Район аймагында милициянын көчмө кабылдама унаасы менен жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу иштери уланууда. 2021-жылдын 6 айында бул унаа 56 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 116 жарандан арыз-даттанууларды кабыл алган.

