super.kg logo

"Кудай сактасын" деген сөз аздык кылат". Ош ШИИБи жол кырсыгына көпчүлүк учурда жөө адамдар себепкер болорун айтты

 
Ош шаарындагы айрым жөө адамдар көпчүлүк автокырсыктарынын себепкерлери болуп калышууда. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Ош шаарындагы акыркы 6 айда катталган жол кырсыктарынын 53 пайызында жөө адамдардын күнөөлөрү бар. Тагыраагы, 280 кырсыктын 150сүндө жөө адамдар катышкан. Анткени айрым жөө жүрүүчүлөр:
1.Жолдо жүрүүнүн эрежелерине көӊүл бурушпайт;
2. Атайын жөө адамдар үчүн белгиленген жайлардан өтүшпөйт;
3. Жаш балдарын коштобостон дүкөндөргө жумшашат;
4. Жолдо өтүп бара жатып кулакчын тагып алышат же телефондорго алаксышат;
5. Мас абалда жолго чыгып алышат;
6. Жолдон өтүүдө түрдүү башка нерселерге алаксып калышат;
7. Тротуар менен эмес жол бойлоп басышат;
8. Жолдон жүгүрүп, велосипед айдап өтүшөт.
"Жогоруда белгилегендей, 150 кырсыкка биздин жарандарыбыз "бүгүн кырсыкка кабылам" деп ойлошкон эмес. Жол кырсыгына кабылбоо үчүн "Кудай сактасын" аздык кылат. Буга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюна милициянын кайгуул кызматы жана башкармалыктын аймактык тескөөчүлөрү жөө адамдар арасында атайын рейд уюштурушуп, негизинен профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Рейд учурунда 1288 жол эрежесин бузгандарга протоколдор түзүлдү. Анын ичинен 6 айдоочу мас абалда кармалды, 75 унаа айып короосуна киргизилди. Анын ичинен 34 айдоочу унааны документтери жок башкарган", - дешти башкармалыктан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.07.2021. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Штрафты салыш керек,чындап ошондой Ошто.Уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат болуп дагы урушуп кетишет корбойтасынбы ж.б дешип.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: