2020-жылы шайлоого катышкан партиялардын күрөөгө коюлган акчалары кайтарылып берилет
2020-жылы шайлоого катышкан партиялардын күрөөгө коюлган акчалары кайтарылып берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендер Гаипкулов билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылгандыгына байланыштуу мыйзамдуу түрдө бардык 16 партияга шайлоого күрөө катары коюлган каражаттары кайтарылып берилет.
"Мындай чечимге президент кол коюп бизге жөнөткөн. Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында карап чыгабыз. Мыйзам боюнча 2020-жылы шайлоого катышкан партиялардын бардыгына акчалары кайтарылып берилет", - деди Гаипкулов.
2020-жылы 4-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо болуп өткөн, анын жыйынтыгына көптөгөн партиялар жана эл нааразы болуп, жыйынтыгында бийликтин алмашуусу орун алган. 6-октябрда БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

