super.kg logo

Социалдык тармактардагы маркетинг деген эмне? Бизнес жүргүзүүгө кандай жардамы болот? Адис жооп берет

 

Техника, интернет саат сайын өнүгүп жаткан заманда бизнес кылуу, башкача айтканда, соода менен алектенүү да заманбап ыкмаларга өтүүнү талап кылат. Жыйынтыгы мол жана да актуалдуу болуп жаткан социалдык тармактардагы маркетинг - SMM тууралуу бүгүн сөз кылабыз.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына социалдык тармактар ​​аркылуу ѳнүктүрүү боюнча эксперт Салтанат Жумакалый кызы айтып берди.

Социалдык тармактар жарнак үчүн кеӊ талаа

SMM (Social Media Marketing - англисче "социалдык тармактардагы маркетинг") бизнес чөйрөсүндөгү бүгүнкү күндѳгү эң популярдуу тармактардын бири. Маркетингдин милдети - өнүмдүн, кызматтын, компаниянын аталышы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүү жана товардын сатылышын көбөйтүү максатында керектөөчүлөр үчүн пайдалуу жана маанилүү болгон өнүмдүн касиеттери жөнүндө маалымат берүү.

Көчөдөн, сыналгыдан көрүп, радиодон уккан жана башка булактардан алган жарнамалар - бул маркетингдин багыттарынын бири. Социалдык тармактардын пайда болушу жана өнүгүшү менен, маркетинг аларды жарнама каналдары катары өздөштүрө баштады. Ошентип SMM - бул социалдык медиа платформаларында жүргүзүлүүчү маркетингдин ар кандай формасы. Бул интернет платформалары тездик менен өнүгүп жатат, эгер эки жыл мурун биз Одноклассники колдонууну артык көрсөк, эми Инстаграм, Фейсбук, Ватсап, Тикток, Пинтерест, Телеграм, Ютуб жана башка платформаларды активдүү колдонобуз. Бул тармактар ​​аркылуу маркетинг өзүн ар кандай жолдор менен көрсөтүшү мүмкүн: расмий жарнамалык кампаниялардан, башкача айтканда, "Жарнама" деп белгиленген басылмалардан, блогерлер же инфлюенсерлер менен (англисче "influencers" - "таасир этүүчүлөр") жазылуучулардын көп саны менен өз ара байланышы.

Бизнес ээлери үчүн кардарлары кѳп колдонгон туура социалдык тармакты тандоо маанилүү. Маселен, жаңы ТикТок тармагы өспүрүмдөр арасында көбүрөөк популярдуулукка ээ болсо, Фейсбукту көбүнчө улуу муун колдонот. Ошондой эле, платформанын популярдуулугун эске алуу керек. Фейсбуктун 2021-жылдагы жарнама кеңсесинин маалыматы боюнча, 2 миллион 500 миң Кыргыз жарандары Инстаграмды, 750 миңден ашууну Фейсбук жана 700 миңден ашууну Одноклассникти колдонушат.

Өз аудиторияңды издөө

Бир убакытта бардык социалдык тармактарда теӊ жарнамалоонун кажети жок. Бардык социалдык платформаларда катышуу үчүн сиздин бизнесиңизде маркетинг фирмасын жалдоого же өз мобилдик команданы түзүүгө акчаңыз бар болсо дагы, бул колдонуучулардын жеке мүнөзүнө байланыштуу ар дайым эле жакшы чечим боло бербейт. Товарларды жана өнүмдөрдү сатуу үчүн бир гана социалдык тармак жетиштүү - Инстаграм, анткени каналдагы ар кандай узундуктагы жана көлөмдөгү фото жана видео материалдардын жардамы менен өнүмүңүздү сонун көрсөтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Инстаграм ар дайым өнүгүп турат. Мисалы, эки жыл мурун кызмат 30 секундага чейин видео жүктөөгө мүмкүнчүлүк берсе, эми азыр 60 мүнөткө чейин толук видеолорду жайгаштырса болот. Мындан тышкары, бул тармак жарнамалык убакытты сатып алууга мүмкүнчүлүк берет, башкача айтканда, сиздин жарыялооңузду белгилүү бир аудиторияга сиздин сатып алуу мүмкүнчүлүгүңүз болгон убакытта көрсөтөт. Социалдык тармактардагы жарнаманын бул багыты таргетинг деп аталат (англисче "даректөө").

Фейсбук социалдык тармагына кайрылсак, анда аналитикалык маалыматты же лонгриддерди (англисче "узак окууга арналган материал") артык көргөн улуу муун отурат. Бул жерде сиз тийиштүү сүрөт жана видео колдоосу менен чоң тексттерди жарыялай аласыз. Ошондой эле акы төлөнүүчү жарнак мүмкүнчүлүгү дагы каралган.

Бирок мен сизге жигердүү кызыктар топтор аркылуу кыйыр түрдө алга жылууну сунуштайт элем. Мисалы, 30 миңден ашуун адамды камтыган "Покупай кыргызское" кыргыз өндүрүүчүлөрдүн тобу Фейсбукта өтө активдүү иштейт. Мындай топтордогу бир жарыялоо ушундай кеңири аудиторияга өз өнүмүңүз жөнүндө акысыз айтып берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Өспүрүмдөрдүн кызыгуусуна багытталган өнүм болсо, мисалы, сиз чет элдик университеттерге кирүү үчүн англис тили курстарын сунуштасаңыз, анда угуучуларыңыз ТикТок тармагында отурушат. Ал жерден даяр шаблондорду колдонуп, видео тартып, ыӊгайлаштыра аласыз. Бул тармак жаңы болгондуктан бардык аракет колдоого алынат, башкача айтканда, жөнөкөй иштетилген жана жеӊил мазмундуу видео менен дагы колдонуучулардын лентасында көрүнүүгө мүмкүнчүлүктөр көп. Ал эми Инстаграмда тармактык алгоритмдер сизди көрүүлөрдүн алдына жеткирүү үчүн бир аз көбүрөөк күч-аракет жумшашыңыз керек.

Социалдык тармактарда бизнести алга жылдыруунун артыкчылыктары жана кемчиликтери

Жалпысынан социалдык тармактарда бизнести илгерилетүүнүн төмөнкү артыкчылыктары бар:

- арзанчылык

Маркетингдин башка түрлөрүнө салыштырмалуу социалдык медиа өтө арзан. Аккаунттарды (баракчаларды) түзүү дээрлик бардык платформаларда акысыз. Ошондой эле, жарыялоону жайгаштыруу, жаңылыктар менен бөлүшүү жана аны жолдоочулар арасында жайылтуу мүмкүнчүлүгү акча талап кылбайт. Сиздин билдирүүңүздүн аудиторияңызга жетүүсүн толук камсыз кылуу үчүн ар кандай акы төлөнүүчү жарнамалык жолдор дагы бар. Мисал келтире турган болсок, Фейсбук жарнамаларды багыттоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат, алардын бирин атап айта турган болсок, бул географиялык жерде жашаган колдонуучуларга багыттоо.

- Кардарлар менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү

Социалдык медиа ишканаларга максаттуу аудиторияны тартууга жана кардарлар менен байланышты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Билдирүүнү жайгаштыруунун жана аудиторияңыз аны көрөт деп үмүттөнүүнүн ордуна, сиз адамдар менен түздөн-түз байланышта болуп, алардын билдирүүлөрүнө комментарий берип, сүйлөшүүлөрдү баштасаңыз болот.

- Кардарлар жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу мүмкүнчүлүгү

Кардарлар менен баарлашуу жана өз ара аракеттенүү менен кардарлар базасы жөнүндө көбүрөөк маалымат аласыз. Көпчүлүк адамдар жеке маалыматтарын социалдык тармактардагы профилдерине, анын ичинде бизнеске тиешелүү табити жана артыкчылыктарын жайгаштырышат. Анын баары бизнес үчүн маанилүү.

Кемчиликтер:

- Кѳп убакыт сарпталат

Бизнес жактан караганда социалдык медиа маркетингинин негизги көйгөйү - бул укмуштай убакытты талап кылышы мүмкүн. Тармактык маркетинг кампаниялары бир жолку иш чара эмес, аларды узак мѳѳнѳттүн ичинде өркүндөтүү зарыл. Ири ишканалар маркетингдин бул түрүн эффективдүү колдонушат, анткени маркетинг кампанияларын башкарууну көптөгөн кызматкерлерге ишенип берүү мүмкүнчүлүктөрү арбын. Көптөгөн чакан ишканаларда мындай ресурстар жок.

- Түз жарнактын натыйжалуулугу аз

Коомдук медианы колдонгон ишканалар, албетте, өнүмдөрүн же кызматтарын сатууну көздөп жатышат. Бирок, ачык жарнамалар тез эле билинип калат. Ачык сатуу аракеттери социалдык медианы илгерилетүүнүн тымызын формалары сыяктуу натыйжалуу боло албайт. Демек, маркетингди натыйжалуу колдонуу үчүн компаниялар социалдык медиа коомчулугунун мүчөсү катары кабыл алынышы керек. Кызыктуу мазмун жана аудиториянын катышуусу буга жардам берет.

- Коомчулуктун сынга алуу жана хакердик чабуул сыяктуу тобокелдиктер кѳп

Социалдык медианын коомдук мүнөзүн эске алганда, ишкерлер бул жерде жарнамалоонун тобокелдиктерин билиши керек. Коомдук баракча кардарлардын, мурунку кызматкерлердин же атаандаштардын терс билдирүүлөрүнүн (чыныгы жана жалган) басымына туш болушу мүмкүн. Хакерлер да туура эмес маалыматты жайылтуу же башаламандыкка жол берүү үчүн сиздин баракчаңызга кол салышы мүмкүн. Ушул кырдаалдардын бардыгы сиздин компанияңыздын кадыр-баркын башкаруу көйгөйүн жаратышы мүмкүн.

Баа суроосу

Ушул факторлордун бардыгын эске алуу менен, сиз социалдык медиа контентин өнүктүрүүгө инвестиция салууга даяр болушуңуз керек. Тармактарда колдонуучунун көңүлүн сактап калуу үчүн сапаттуу графикалык жана тексттик жогорку деӊгээлдеги контентти өндүрүү керек. Мисалы, өнүмүңүздүн кызыктуу фотографиялык кадрларын чагылтуу үчүн кесипкөй фотографты жалдоо жолу бар. Тасманы кооз иштеп чыгуу маанилүү, андыктан графикалык дизайн кызматтары дагы талап кылынышы мүмкүн. Кызыктуу жана окула турган текстти сизге копирайтер (англис тилинен "жарнама тексттерин жазуучу") жазууга жардам бере алат. Мунун бардыгы убакыт жана күч жагынан кымбатка тургандыктан жана белгилүү бир жөндөмдөрдү жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү талап кылгандыктан, бизнеске көп учурда социалдык тармактарды тейлөөнүн бир бөлүгүн же бир бөлүгүн жүргүзгөн SMM адистери чакырылат.

SMM өнүмдөрдү, товарларды жана кызматтарды онлайн каналдарда сатуу үчүн талап кылынган бардык нерселер менен алектенет, мисалы ачык жарнамаларды орнотот же социалдык тармактардагы баракчаларды биргелешип илгерилетүү үчүн блоггерлер, кардарлар, өнөктөштөр менен мамилелерди өнүктүрөт. Ошондуктан, көпчүлүк учурда кайсы бир блоггердин өнүмдүн же өнүмдүн атын атап кетиши SMM адистери менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы болуп саналат. Сүрөттөр, видеотасмалар, пайдалуу тексттер менен толтурулган кооз баракча дагы SMM адистеринин же, өнүккөн базарларда аталгандай, санариптик маркетологдордун ишинин натыйжасы.

Бул адистердин сапаттуу иштеши менен бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ийгиликтүү илгерилетүү көбүрөөк потенциалдуу сатып алуучуларды алып келет, компаниянын жана өнүмдүн таанылышын жогорулатат, өнүмдөрдүн же кызматтардын сатылышын көбөйтөт, тезирээк кайтарым байланышты камсыз кылат, ар бир адамга өзүнүн эксперт же ой лидери катары кадыр-баркын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет жана көптөгөн башка мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Бүгүнкү күндѳ бул тармактагы адисти жалдоонун болжол менен алганда минималдуу баасы 7-8 миңди түзөт. Бирок айтып кетүүчү нерсе, дүйнѳ жана санариптик технологиялар күндөн күнгө жаӊыланып жаткандыктан биз карап чыккан маркетингдин бул тармагы дагы абдан тез өнүгүп жаткан убакыт. Демек, эртеӊ замандын суроо-талабына жараша SMM адисчилиги жоюлуп калышы толук мүмкүн. Анын ордуна социалдык тармакта иш алып баруунун бир багытын көздөгөн адистер пайда болот, мисалы сторис жаратуучу (англисчеден "тарых жаратуучу" же бир күн сакталуучу билдирүү жасаган адис), таргеттөөчү, копирайтер, продакт менеджер (процесстин жалпысынан көзөмөлдөөчү).

Жогоруда каралгандарды жыйынтыктап, бир нече чакан кеӊеш сунуш киргизүү убакыты келди:

Социалдык тармак жаатына жаӊы аттанып жаткан адистерге сунуш - бул тармактагы жумуштун бир багытына көӊүл буруп, чеберчиликти таптоо туура болот. Мисалы, сиз сөз чеберчилигине шыктуу болсоӊуз, анда копирайтинг боюнча адисчиликти изилдеп, тажрыйба топтоп, машыксаӊыз мыкты болот. Демек, бир нече жылдан кийин бир багытты көздөгөн жогорку деӊгээлдеги адис болуп, дайыма иш жүзүндө болосуз.

Ал эми ишкерлерге кайрылсак, кыргыз тилинен коркпоӊуздар. Маркетингдин эрежеси билдиргендей, кардарлардын тилинде сүйлөө маанилүү.

Жашоо күн сайын жаӊы көрүнүштөрдү жана ошону менен бирге мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатат. Бизнес алып баруунун заманбап ыкмаларынан алыстабастан, пайда болуп жаткан жаӊы аспаптарын өздөштүрүү маанилүү.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: