Мурунку жетекчиси былтыр дүйнө салган. Бишкектеги №78 мектептин директору каза болду

Маалыматта жазылгандай, ал кечээ, 25-июлда каза болгон. Мугалимдин өлүмүнө эмне себеп болгону ачыкталган эмес.
Мурат Жумалиев өмүрүнүн 39 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Ал №78 гимназия мектебине 2020-жылдын август айынан баштап директорлук кызматка дайындалган.
Буга чейин Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназияны, №85 мектепти жетектеген.
Жумалиев эмгек жолунда "Билим берүүнүн отличниги" наамына татыган жана бир катар мекемелердин мактоо баракчалары менен сыйланган.
Эске салсак, былтыр аталган гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү ооруканада пневмониядан каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.