Жалал-Абад облусунда “Билим кербени” өтөт
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун
берген маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунда 30-октябрдан 1-ноябрга чейин “Билим
кербени” өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, аталган иш-чара Кыргыз Республикасындагы
ЮНИСЕФ менен биргеликте “Мектепке чейинки 6 жаштагы балдарды милдеттүү түрдө бир жыл окутуу” долбоорунун алкагында
өткөрүлөт. “Билим кербенине” райондук администрация, билим берүү бөлүмдөрү,
саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, мектеп директорлору, башталгыч
класстардын мугалимдери, китепканачылар жана ата-энелер катышат. Иш-чаранын
жүрүшүндө Кара-Көл шаарындагы №3 бала бакчада “Балдарга окуп берген жылдыздар”
акциясынын ачылышы болот. Мектепке чейинки билим берүү маселеси боюнча “Билим
кербени” өлкөдөгү башка аймактарда да өткөрүлгөн.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
2

