Бишкек мэриясы депутаттарга жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү маселесин кароону сунуштады
Бишкек шаардык мэриясы шаардык кеңешинин депутаттарынан жол кире тарифинин баасын көтөрүү маселесин биринчи отурумда кароосун өтүндү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутаттарга жооп берип жатып билдирди.
"Тарифтерди көтөрүү маселеси боюнча биз Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына сунуш киргиздик. Жол кирени маршруттук таксиге 15 сомго чейин, автобустарга жана троллейбустарга 11 сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Эми биз Бишкек шаардык кеңешинин биринчи жыйынын күтүп жатабыз, депутаттардан бул маселени биринчи отурумдарда кароону өтүндүк", - деди Сазыкулов.
Эскерте кетсек, июнь айынын башында борбор калаадагы маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылып, иш ташташкан.




1 |